• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто тир мылтыктан жаракат алган баланын абалы дурус

22 Тогуздун айы 202411:35 Бишкек Govori.TV

Ошто тир мылтыктан жаракат алып ооруканага түшкөн алты жаштагы баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Жыргалбек Төлөров билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда бала ооруканада, ага 20-октябрда операция жасалган.

“Абалы канааттандырарлык, бир жума ичинде оорукандан чыгып калышы мүмкүн. Бизге 19-октябрда келип түшкөн. Ага операция жасалып, тирдин огу алынган”-деди ал.

Бул боюнча Ош облустук милициясы маалымат берип, окуя 19-октябрда болгонун билдирген. Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл аймагында талаада 6 жаштагы инисин 12 жаштагы агасы кокусунан тир мылтык менен атып алган. Бала ошол күнү ооруканага алынып келинип, ички органдары жабыркагандыгы аныкталган.

Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 119