• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто турак үйдөн өрт чыгып, адам каза болду

25 Бирдин айы 20259:32 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунун Кара-Суу районунда бүгүн, 25-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Киров айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 офицер тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча өрт электр жылыткычтан чыгып, натыйжада болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон.

Аты-жөнү такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 160