• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто турак үйдөн өрт чыгып, бир адам жабыркады

3 Кулжа 202516:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ош шаарында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:08де 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт саат 16:12де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 64 жаштагы Р.А. аттуу эркек киши бетинен жана колунан күйү алган, абалы туруктуу.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 128