• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто туура эмес жазылган жарнактар текшерилүүдө

8 Кулжа 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы «Сулайман-Тоо» МАБынын аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу мериянын маалымат кызматынан кабарлашты.


«Курманжан-Датка көчөсүндөгү рейддин жүрүшүндө жарнак объектилерин Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 20га жакын буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Бир катар мыйзамсыз орнотулган жарнак такталары алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Рейддик иш-чараларга Ош шаардык мэриясынын алдындагы тил боюнча комиссиясынын төрагасы Нурлан Закиров, комиссия мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, МАБ өкүлдөрү катышууда.


Кошумчалай кетсек, мындай текшерүүлөр бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда жума сайын үзгүлтүксүз өткөрүлөт.

Количество просмотров: 91