• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто жүк ташуучу унаа катышкан кырсыкта каза болгондордун саны 6 адамга жетти

24 Кулжа 202214:26 Бишкек Govori.TV

Ошто оор жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгында каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган.

Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, ӨКЧК Түштүк борборунан 1 кран жана 9 куткаруучу тартылышкан.

Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 382