• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жаңы автобустар каттамга чыга баштайт

3 Теке 202412:41 Бишкек Govori.TV

Эртең, 4-июлдан тартып Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан алынган ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №43 автобустук каттамга чыгат.

Мэриядан билдиришкендей, аталган каттам №143 кичи автобус каттамын алмаштырат.

Ошондой эле кийинки жумадан тарта жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча №7 жаңы автобустук каттамга чыга баштайт:

Аэропорт – Касымбеков көчөсү – И. Раззаков көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тилеке-Баатыр көчөсү – Исанов көчөсү (Юго-Восток кичи району).
Мындан тышкары, жакынкы күндөрдө жаңы автобустар №49 жана №25 автобустук каттамдарына чыгышат.

Количество просмотров: 132