Ош шаарына курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөк 2025-жылдын февраль айында толук курулуп бүтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов билдирди.
Анын айтымына караганда, өтмөктөгү негизги иштер эки ай аралыгында бүтөт.
Быйыл июнь айында шаардагы Монуев — Шакиров — Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу башталган. Өтмөк жол тыгынын жоюу максатында курулууда. Быйыл кышка чейин пайдаланууга берилери айтылган. Аны курууга 269 млн. сом сарпталат.
Бул шаарга салынып жаткан экинчи өтмөк. Биринчи өтмөк былтыр Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган. Аны курууга 45 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Август айынын аягында анын ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген.