Ош шаарында жанаша жайгашкан үйлөр өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 3 жаран жабыркап «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Тилсиз жоону өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, 06:02 чамасында өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда.