• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто жаран 13 кг баңгизат менен кармалды (видео)

15 Тогуздун айы 2021 15:23 Бишкек Govori.TV

Салмагы 13 кг болгон баңгизат менен Кыргызстандын жараны “К.К.” кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-октябрында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын автоунаасынан 13 кг гашиш табылган.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда ушул баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 423