• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто жаран араанын үстүнө кулап кетип каза болду

20 Жетинин айы 2019 15:55 Бишкек Govori.TV

Ошто отун араалап жаткан киши бензин менен иштеген араанын үстүнө кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-ноябрь күнү саат 12.30дар чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон.

«62 жаштагы У. Я. өзүнүн бакчасындагы бактарды бутап, отун жарып жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чалынып кетип иштеп жаткан араага кекиртеги менен кулаган. Келген медиктер анын өлүмүн каттоого алганга гана жетишкен. Маркумдун жакындары эч кимге нааразычылыгы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кырсык катары каттоого алынган.

Количество просмотров: 115