Ошто 20 жаштагы жигит бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-ноябрь күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жаш жигитти бычактап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы барганга чейин каза болгон.
Иликтөөнүн алкагында маркум 2000-жылы төрөлгөн, Кара-Суу районунун У.уулу Н. аттуу тургуну экени аныкталган.
Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында, 20-ноябрда шектүү катары Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштеген, 27 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмышты моюнуна алып, маркум экөө көчөдөн түртүшө кетип, кайым айтышуунун аягында жанында алып жүргөн ашкана бычагы менен сайып жибергенин айткан.
Ошондой эле ал мас абалында болгондуктан коркуп кетип жардам бербестен качып кеткендигин билдирген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.