• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ошто жашы жете элек кыз турмушка чыктыбы? Милициянын жообу

29 Чын куран 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжа районунда жашы жете элек кыз никеге турган жок. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал орто мектебинин 11-классынын окуучусу Н. кызы М. үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кара-Кулжа райондук ооруканасынан чыгып, 2002-жылы туулган М. уулу Нга телефон чалып, аны белгисиз бирөөлөр ала качууга даярданып жатышканын билдирип, ооруканадан алып кетүүсүн суранган. Ал кызды Көк-Арт айылындагы үйүнө алып барган. Экөө интернет аркылуу таанышкан.

«Кыздын апасы менен биргеликте Кара-Кулжа РИИБдин Кызыл-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери баланын үйүнө барып, кыздын жаш курагы турмуш курууга жете электигин түшүндүрүшкөн. Баланын ата-энеси Н. кызы М өз каалоосу менен келгенин белгилеп, анын окуучу экенин билишпегенин айтышкан. Ата-энелер өз ара макулдашып, кыз 18ге чыккандан кийин үйлөнүү той белгилей турган болушту. Ошол күнү кызга куда түшүү менен сөйкө салып, апасы менен үйүнө жиберишти. Кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тартты»,-деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 347