• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ошто жеңил унаа сайга кулап, 2 киши каза болду

30 Жетинин айы 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жеңил унаа сайга кулап, 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга түшүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, дагы экөө ар кандай жаракат алышкан.

«Учурда аты-жөндөрү такталууда. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелерин туугандары алып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, унааны сайдан чыгарууга жардам беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 677