• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто жер көчтү

14 Кулжа 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда Ош облусунун Ылай-Талаа – Сары-Булак – Гүлчө унаа жолунун 7-чакырымында жер көчкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер көчкү Hyundai Porter унаасынын жарымын басып калган, куткаруучулардын жардамы менен ал чыгарылды. Унаанын ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Жер көчкү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу жол каттамы альтернативдүү айланма Ылай-Талаа – Шаркыратма – Сары-Булак жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Көчкүнүн жолго түшкөн көлөмү болжол менен 8 миң 400 куб метрди түзөт. Жолдун 50 метр аралыгы 50 см чейин чоккон.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 165