Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү саат 13:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.