Маалым болгондой, 9-сентябрга караган түнү мас абалындагы 5 кыз жергиликтүү балдарга тийишишкен. Аталган жигиттер кыздарды ур-токмокко алып, учурда сабалган кыздардын бири Ош облустук ооруканасында дарыланууда.
Окуя боюнча бир дагы кыз арыз менен милицияга кайрылган эмес. Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, окуяга катышкан 5 кыздын өздүгү такталган. Учурда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатат.
Булак: turmush.kg