25-июлдан 26-июлга караган түнү Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe үлгүсүндөгү унаа жарнама орнотулган темир мамычаны сүзгөн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү окуя болгон жерде көз жумган.
Р.Д.В. 1982-жылы туулган, Г.А.И. 1975-жылы туулган, Б.В.О. 1986-жылы туулган. Баары Орусиянын жарандары экени айтылды.