• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча башкы инженер кармалды

28 Теке 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги “Айланма Ош” автожолунун 12-17 км автожолунда (“Т-түрүндөгү” кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальтбетондук төшөөнү орнотууда мыйзамдардын сакталышына жана сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №21 жол тейлөө ишкананын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду, ошондой эле, асфальбетонду орнотуу боюнча иштерди  жогорулатылган баада киргизишкендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган. Натыйжада, мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош областынын прокуратурасы тарабынан №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Учурда тергөө аракеттери улантылууда.

Количество просмотров: 148