• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Оштогу айрым судьяларга кылмыш иши козголду

20 Бештин айы 2018 9:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.2018.Govori.TV.

Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун төрага орун басарына жана судьясына, Ош облустук сотунун судьясына жана мурдагы судьясына кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр 2016-жылдын декабрында жана 2017-жылдын мартында Кыргызстанда оор кылмышка айыпталып камалган тажик жаранынын пайдасына чечим чыгарганs, камактагы адам мыйзамсыз бошотулганы айтылууда.

Башкы көзөмөл органдын 19-декабрдагы маалыматына ылайык, алардын иши Кылмыш кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») жана 328-берене («Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу») менен иликтенип жатат.

Кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлдү.

Теги:
Количество просмотров: 12