• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Оштогу автобекет мэриянын карамагына өттү 

4 Баш оона 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлгөн Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты.

«Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, автобекет КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык муниципалитеттин карамагына өттү. Имарат буга чейин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

Количество просмотров: 97