Ош шаарындагы көпчүлүк банктарда рубль сатылбай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдирип, банктар сом менен гана берип жатканын айтышууда.
Белгилй кетсек, Украинадагы кырдаалдан улам орус рубли наркын жогото баштаган. Кыргызстанда да арзандап, коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 рубль 1 сомдон да арзандап кеткен.
Бүгүнкү күнгө карата рублдин баасы сатып алуу 0.821 сом, ал эми сатуу 1.090 сомго бааланууда.