• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оштогу кылмыштуу топтун 5 мүчөсү 2 айга камакка алынды

1 Бирдин айы 202011:01 Бишкек Govori.TV

Оштогу кылмыштуу топтун 5 мүчөсү 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

31-январда Ош шаардык соту кармалган 5 жарандын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.

Буга чейин маалым болгондой, 29-январда саат 16:30 чамасында Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана тез аракеттенүүчү отряддын кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, шаардагы «Изюм» ресторанынын жанынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаада бара жаткан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсүн кармашкан. Колго түшкөндөргө ээнбаштык боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган шектүүлөр:

— А. уулу Э., 1993-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

— Р.Э., 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;

— У.Э., 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

— Р.Н., 1984-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;

— М.А., 1985-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.

Количество просмотров: 153