• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жолдошбек Көлбаев жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

17 Кулжа 202516:36 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жер берүү фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат, деп билдирди 17-июнда ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 27-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине билдирме келип түшкөн. Анда, 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Камчы Кольбаевтин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги билдирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 336-беренесинин (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

«Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүн жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн тургуну С.Кнын наамына аянты 5 гектар жер тилкесин 49-жылга ижарага спорт комплекс салуу үчүн бөлүнүп берилген. Бирок, кандайдыр бир себептер менен спорт комплекс курулган эмес. Бул айыл жаштарынын нааразычылыгын жаратып, С.К.дан жерди мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ошол маалда Камчы Кольбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөөлөрү келип, 5 гектардын ичинен 1 гектарды «общакка» бөлүп берүүнү талап кыла башташкан. Аталган жер тилкесинин ээси кырдаал курчуп кеткендиктен, Камчы Кольбаевдин иниси Ж.К.ге кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп жаткандыгын билдирип, 5 гектардын ичинен азыраак бөлүгүн эле берерин билдирип, бул көйгөйдү токтотуп берүүнү суранган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталып, кармалган: 1977-жылы туулган С.А., 1976-жылы туулган К.Ж., 1974-жылы туулган Э.М. жана 1976-жылы туулган О. А.», — деп жазылат маалыматта.

Кармалган жарандар Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна (СИЗО) киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 196