Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаарындагы №4 Киров атындагы мектеп — гимназиясына бомба коюлду деген маалыматтан улам, андагы адамдар сыртка чыгарылды. Бул кабарды Ош ОИИБнин басма сөз кызматы ырастады.
Саат 13:33 чамасында мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Азыркы тапта милиция кызматкерлери, тиешелүү адистер издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, буга чейин Ош мэриясына дагы бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, бирок ал маалымат жалган болуп чыккан.