Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаарындагы №4 Киров атындагы мектеп — гимназиясына бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы ырастады.
Эске салсак, аталган мектепте жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат саат 13:33 келип түшкөн. Жеринде милиция кызматкерлери, тиешелүү адистер издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Эске салсак, буга чейин Ош мэриясына дагы бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, бирок ал маалымат жалган болуп чыккан.