• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оштогу окуучунун өлүмү боюнча бир катар жооптуу адамдар иштен алынды

13 Бирдин айы 202515:34 Бишкек Govori.TV

Окуучунун өлүмүнө байланыштуу окуя жана көрүлгөн чаралар тууралуу акимчилик маалымат таратып, окуя 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыккан чырдан улам болгонун айтты.

Маалыматта айтылгандай, 12-февраль күнү саат 10:55-11:00 чамасында Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 9-класстын окуучусуна жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Андан кийин жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон.

«Учурда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле директордун окуу, тарбия жана тарбия иштери боюнча орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иш-чаралардын уюштуруучусу, 11-класстын менен 9-класстын класс жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду», — деп жазылат маалыматта.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен мектептин директорунун милдетин аткаруучу болуп математика мугалими Мисрат Оморалиева дайындалды.

Количество просмотров: 384