Ош шаарында коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан бейтап оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 15-июль күнү саат 22:00 чамасында болгон. Ош шаардык ооруканасынын эски имаратынын жандандыруу бөлүмүндө жугуштуу оору менен дарыланып жаткан Ош шаарынын 1955-жылы туулган тургуну Д.Ж. (эркек киши) 2-кабаттан боюн таштап, окуя болгон жерде каза болгон.
«Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү материалдарды топтоп, керектүү экспертизалар дайындалган. Алгачкы тергөө учурунда күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал өзү эле боюн таштап жиберген»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган ооруканадан буга чейин 34 жаштагы жаңы төрөгөн келин боюн таштап каза болгон. Ал дагы коронавируска чалдыгып дарыланып жатканы кабарланган.