Бүгүн, 1-июндан 2-июнга караган түнү Ош шаарынын Озгур айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Алар:
Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, айдоочу Т.Б. атасына таандык болгон унааны үйдөн уруксатыз айдап чыккан.
Учурда бул факты боюнча тиешелуу текшеруу иштери башталды.