«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат катчылыгы билдиргендей Ош — Анталия багыты боюнча учкан самолет авариялык абалдан улам Бишкекке конууга аргасыз болду.
Маалыматка ылайык, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын учагы техникалык кыйынчылыкка учурап, учакты Бишкеке кондурганга мажбур болду. Учак эртең мененки саат 9:00да «Манас» эл аралык аэропортунуна конгон.
Учакта болгон жүргүнчүлөргө тамак берилип, мейманканага жеткирилген. Аба бортунда жалпысынан 89 жүргүнчү болгон.