Бүгүн, 24-ноябрдан тарта Ош шаарынын аймагында арзан баада Өзгөн жана Алай райондорунун көмүрү сатыла баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Алмаз Мамбетов көмүр сатуу пункттарын кыдырып чыкты.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн 5 техника бөлүнгөн.
Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында 7 жайга көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөндүн көмүрү тоннасы 3 миң сомдон, Алайдын көмүрү 4 миң сом деп бекитилди. Базар наркынан төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот.
Төмөнкү даректер аркылуу көмүрдү арзан баада сатып алууга болот: