“Ошто аукцион аркылуу берилген ар бир жер текшерүүгө алынсын. Комиссия түзүлүп, жерлердин кандай максатта берилгенин тактап чыккыла. Көрктөндүрүүгө деп алып, үй, кафе, дүкөндөрдү кургандар бар. Шаарда тартип болуш керек. Жер мыйзамдуу гана берилиши керек. Ар бир кызмат функционалдык милдеттерин так аткарсын. Мыйзамсыз курулуштарды да аныктагыла”,-деди шаар мэри.