• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оштун мэри майып балдардын энелерин майрамы менен куттуктады

7 Жалган куран 2019 9:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.03.2019.Govori.TV.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аз камсыз болгон үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерди 8-март майрамы менен куттуктап, үйлөрүнө барды. Мэр энелерге үй тиричилигине керектүү буюмдарды: телевизор, кир жуугуч машина, муздаткыч, электр мештерин белекке берди. Ошондой эле балдарга таттууларды, азык-түлүк тапшырды.

Таалайбек Сарыбашов майып балдарын багып жаткан энелерге ыраазычылык билдирип, шаар жетекчилиги аларды камкордукка алып, жардам берүүгө дайым даяр экенин айтты. Ал ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды жайында Ысык-Көлгө эс алуу лагерлерине жөнөтүүнү максат кылып жатканын да кошумчалады.

Шаар мэри Амир-Темир аймактык башкармалыгында жашаган Б. Алимованын үйүн тез арада оңдоону жана Дача участогунун жашоочусу И. Арзибаеванын үйүнө таза суу жеткирүүнү тапшырды. Энелер калаа башчысына ыраазычылык билдиришти.

Количество просмотров: 39