• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

8-мартка карата сый уюштурууну суранган мугалим иштен алынды

10 Жалган куран 2020 18:46 Бишкек Govori.TV

Окуучулардан мыйзамсыз аракеттерди талап кылган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-мартта социалдык тармактарга мектеп мугалиминин окуучуларды тилдеп, 8-мартка карата сый уюштурууну суранган тасма чыккан.

«Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, тасмадагы мугалим аталган райондогу Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинде эмгектенет. Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, мугалимдин аракетине юридикалык баа берилди. Тактап айтканда, Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-октябрындагы (№1151/1) ар кандай даталуу жана майрамдык күндөргө карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн КР Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жумуштан алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна да тартиптик чара колдонулган.

Количество просмотров: 220