Бишкек.29.12.2018.Govori.TV.
29-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ата-энесинен ажыраган 20 баланы экскурсияга алып чыкты.
Алгач “Сулайман-Тоо” музейине барып, балдар менен пикир алышты. “Семетей” кинотеатрында чогуу мульт фильм көрүп, жаңы жылдык белектерин таркатты.
Балдар үчүн сый-тамак уюштурулуп, калаа башчысы балдарга каалоо тилегин айтты.
“Жаш достор, силер менен таанышып алдык. Эми тез-тез байланышып турабыз. Эч качан ыйлабагыла. Биз силерди жакшы көрөбүз. Силер мектепте жакшы окугула. Кийин элге кызмат кылган мыкты уул-кыздар болушуңарга ишенем”,-деди Т. Сарыбашов.
Мэр эс алуу күнүн балдар үчүн арнап, чогуу кичи автобус менен шаар айланышты.
Иш-чара ири гипермаркетте ачылган зоопаркты көрүп чыккандан кийин жыйынтыкталды.
Балдарга арналган жаңы жылдык белектер мэрдин жеке каражатынан каржыланды.