Коом Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди кош жарандуулугу бар деп айыптап, учурда бул темада талкуулар кызуу жүрүүдө.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина, Таалайбек Сарыбашевдин орусия жарандыгын алганын айтып, УКМКдан Оштун мэринин орусиянын жараны болуп туруп, кантип шаар мэри болуп калгандыгы тууралуу маалыматты тактап берүүнү суранган.
Бүгүн, 22-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсатаров, Таалайбек Сарыбашевдин паспортун жарыялады. Ал буга чейин дагы бул маалыматтын так экенин, шаар мэринин эч кандай Орусиянын жарандыгын албаганын жана мигрант болуп иштегенин айтып келген.