• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оштун мурдагы мэри жаңы кызматка дайындалды

16 Теке 202311:20 Бишкек Govori.TV

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол коюп, Мамбетов үч жылдык мөөнөткө дайындалды.

Аталган фондду түзүү тууралуу макулдашууга былтыр октябрда Азейрбайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган.

Кошумчалай кетсек, Алмаз Мамбетов былтыр ноябрда Ош шаарынын мэри кызматынан алынган. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.

Количество просмотров: 126