• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Оштун Терек айылында сел жүрдү

21 Кулжа 202318:39 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Терек айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Алай районунда алдын ала маалыматка ылайык, саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл аймагына караштуу Терек айылында сел суулары жүргөн. Ошондой эле Кара-Талаа айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жогоруда аталган малыматты тактоо максатында райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу бул айылдарга чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 207