Саймаитинин өлүмү “кылымдык афера” боло турчу иш болду. Мындай пикирди экс-депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.
“Саймаитинин иши бирде басаңдап, кайра күчөшү мүмкүн. Бирок Өкмөт бир жаңсыл жыйынтык чыгармайын эл ынанбайт. Саясатка аралашпаган жаштардын реакциясы катуу болду. Бийлик ушуну эске алуусу зарыл. Бул окуя эч качан унутулбайт. Тергөөдө элди алдоо болбош керек”,-деди Каныбек Осмоналиев.