Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орус тилинде кыйналып сөз сүйлөгөндөн бери коомчулукта талкуу жаралып, түрдүү пикирлер айтылууда.
Ал эми саясий серепчи Каныбек Осмоналиев орус тилиндеги кичинекей текстти жаттап деле алса болмок деген пикирин айтып, спикер кандай болгон күндө да өлкөнүн экинчи жүзү да деди.