Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламентти эч ким ооздуктай албастыгын билдирип, буга жол берилбестигин баса белгиледи.
“Жогорку Кеңеш өлкөбүздөгү негизги бийлик бутактарынын бири. Бул жер элдик бийик трибуна. Конституцияда так көрсөтүлгөн өз орду бар. Ошол нормалардын алкагында иш алып барат. Андыктан, парламенттин дарегине негизсиз сын пикирлерди айтуу туура эмес”, – деди Төрага.