• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Осмонбек Артыкбаев кайсы жакта экенин жактоочусу айтып берди

10 Теке 2018 17:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.07.2018. Govori.TV
Осмонбек Артыкбаев учурда М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда дарыланууда. Бул туурасында Govori.TV сайтына анын жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.
«Ал учурда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда жатат. Эч жака качкан жок. Аны ушул тапта Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда операцияга даярдап жатышат. Дарыгерлер жүрөк жана дем алуу органдарына байланыштуу бир нече диагноз коюшту» -дейт жактоочусу Орозакунова.
Белгилей кетсек, буга чейин Осмонбек Артыкбаевдин борбордогу ооруканаларда анын фамилиясы катталбаганын жана аны качып кеткенин бир нече ЖМКлар жазып чыгышкан.
Эске сала кетсек, ал Бишкек ТЭЦинин модернизациясындагы жемкорлукка айыпталып камакка алынган.