• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Осмонбек Артыкбаевдин байлыгы жарыяланды (тизме)

3 Баш оона 201812:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.
Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрү камака алынды. УКМК Бишкек ЖЭБ модернизациялоодо коррупцияга айыпталган мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин өзүнө жана жакындарына катталган үй-мүлкү камакка алып, тизмесин жарыялады.
Осмонбек Артыкбаевге катталган мүлктөр:
  1. ГАЗ-53 1992-жылы чыккан
  2. Ауди 80 1992-жылы чыккан
  3. Лексус ЛХ570 2013-жылы чыккан
  4. Бишкек шаарынан бир турак жай жана турак жай эмес имарат.
Ал эми анын жубайы Раушан Артыкбаевага таандык мүлктөр:
  1. Лексус ОХ470 2007-жылы чыккан
  2. Лексус ЛХ 470 2006-жылы чыккан
  3. Лексус ОХ460 2011-жылы чыккан
  4. “ Мерседес-Бенц Е350” 2006-жылы чыккан
  5. Бишкек шаарынын Аламүдүн районундагы жер тилкеси
  6. Бишкек шаарында бир дүкөн
  7. Бишкек шааарында 3 турак-жай эмес имарат
  8. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үй катталган.
Булардан сырткары О. Артыкбаевдердин үлүшүндө отурган “Ийгилик-биримдикте”, “Ак-Фонд”, “Келечек-социально –экономические- исследования и разработки” коомдук фонддору, “Petroleum K&K” кыргыз-казак биргелешкен ишканасы, “Лазурная-Гавань”, “Би-Воет”, “Бишлонд” ЖЧКлары камака алынган.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту 31-июлда осмонбек артыкбаевди УКМКнын СИЗОсунда 2018-жылдын 10-октябрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Количество просмотров: 82