24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак берип чыгышты.
Жактоочунун айтымында, иштин статусу өзгөргөн жок, Оторбаева менен Ниязова иште күбө катары өтүүдө.
24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.
Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.