Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.
Экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыктын» эфиринде маек берип жатып президент Сооронбай Жээнбековдун камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата позициясын түшүнө албай жатканын билдирди.
«Жооптун баары формалдуу болду. Мунапыс берген комиссиянын башчысы «Бул азыр каралбайт» деп койду. Мен бул позиция боюнча президентти такыр түшүнбөй койдум. Текебаевдин камакта отурганын азыр өзүнө «менчиктештирип» алды. Атамбаевге да азыр доомат кое албайбыз. Жээнбеков өзү 1,5 жылдан бери кармап отурат. Кыргызстанда «мен саясатчымын» дегендердин баары «бул мыйзамсыз, далилсиз болчу» деп айтып чыгышты»,- деди Отунбаева.
Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖКнын мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган.