• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Отунбаева: Журналисттердин иликтөөлөрү көз жаздымда калбоосу керек

12 Бирдин айы 2021 18:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-февралда Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурган «Чындык» аттуу форум өттү.

Форумга АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу, «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова жана иликтөөчү журналисттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын катышуучулары Уланбек баштап кеткен иш токтобосун, журналисттик иликтөөлөр жылдан жылга күчтүү чыга бере турганын айтышууда.

Иш-чарага келген Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева сөз сүйлөп, журналисттердин эмгектери көз жаздымда калбоосу керек деп эсептейт.

«Бул жылы кароого 40 материал келип түшкөн. Алардын арасынан мыктысын тандоо өтө оор болду. Журналисттер айткандай «иликтөөлөрдү кылып эле жатабыз, ушунча иш, ушунча энергия коротулуп жатса да аягы жоктой» деп. Мисалы акыркы Матраимовдун иши кулактын баарын жеди го… Ошондо да жыйынтыгы болбой жатат. Менин айтаарым мокобогула. 5-окябрдагы окуялардан кийин орусиянын журналисти келген, ал мага айтып жатат «шаарыңарга эмне болуп калган, такыр көркү жок» дейт. Бүгүн биз ойлондук эле келечекте кандай темалар актуалдуу болот деп, келечекке салым кошчу… Азыркы тандалган жеңүүчүлөрдүн иштеринде да ушул көрктөндүрүү боюнча да тема бар экен», — дейт ал.

Количество просмотров: 170