• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Пакистанда кыргыз үч жараны коронавирусту жуктуруп алганы аныкталды

2 Чын куран 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу ТИМ билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн.


Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы Элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.


Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып турууда.

Количество просмотров: 217