• Ишенби 2 Бештин айы 2023
  • Суббота 2 Декабрь 2023

Палестина — Израиль кагылышы. УКМК эскертүү жасады

3 ноября 2023 в 14:46 Бишкек Govori.TV

Учурда палестина-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылууда.

Буга байланыштуу УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкандыгы, же террористтик даярдыктан өткөндүгү болсо ал үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертти.

«Эгерде адамдын куралдуу кагылышуу зоналарына катышуу ниетинин же жөнөтүлүү ниетинин белгилери бар болсо, же ага түрткөн болсо, алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат), жана 416-беренеси (жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла эскертет»,— деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 487