Ооганстанда жашаган памирлик кыргыздардын жаңы ханы шайланды. Бул тууралуу “Памир Пресс” басылмасынан билдирди.
Маалыматта » 24-июлда 44 жаштагы Ажыбуту аттуу адам хан,Абдилхак аттуу адам анын орун басары болуп шайланды. Маалым болгондой, Ажыбуту хан Алапа деген уруудан чыккан. Учурда ал 5 уул бир кыздын атасы», -деп жазылат.
Белгилей кетсек, Памирлик кыргыздардын Эраалы ханы13-июль күнү узакка созулган ооруудан улам көз жумган.