• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Памирлик кыргыздарды башкарган Эраалы хан дүйнө салды

17 Теке 2018 18:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.07.2018.Govori.TV.
Памирлик кыргыздарды башкарган Хан Эраалы дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирет.
Маалыматка караганда Хан Эраалы өзүн акылман жана татыктуу башкаруучу катары көрсөтүп, болгон күчүн жана билермандыгын элдин кызыкчылыгына жумшаган.
«Элинин камын ойлоп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен активдүү кызматташкан. Биз терең кайгыруу  менен жана Памир кыргыздарынын элинин орду толгус жоготуусун тең бөлүшөбүз»,- деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик миграция кызматы, Эраалы хандын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу памирлик кыргыздарга, туугандырына жана жакындарына терең  кайгыруу менен көңүл айтат.
Количество просмотров: 34