Балыкчы шаарындагы пляжда орнотулган Зевс менен Посейдондун скульптураларынын автору жана аталган шаардын мэри Султан Кермалиев «Сереп медианын» түз эфиринде эмне үчүн улуттук баатырлардын айкелдерин жасабаганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, орнотуу үчүн үч варианттагы айкел болгон: Манас, Бугу эне жана Зевс менен Посейдон.
«Манасты орнотсом болмок. Бирок пляжда кыздар купальникчен, балдар трусы менен жүрүшөт. Түнү аларсыз деле жүрүшөт. Манас деген «Манас Ордодо» турушу керек. Бугу эне үчүн да бул жер ылайыксыз болчу», — деди ал.
Кермалиев кошумчалагандай, ал Зевс менен Посейдондун айкелдеринин айланасында ызы-чуу болорун башынан эле билген.